• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өмүрбекова интернат тибиндеги балдар мекемелери системасын реформалоо боюнча жыйын өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасындагы интернат тибиндеги балдар мекемелери системасын реформалоо боюнча иш-чаралардын Планын талкуулаган мекемелер аралык жумушчу топтун жыйынын өткөрдү.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, жыйында буга чейин өткөн иш-чараларды талдоонун негизинде түзүлгөн жаңы план талкууланды.

Алтынай Өмүрбекова оор кырдаалга кабылган балдарды социалдык жана укуктук жактан коргоо, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коргоо жана инклюзивдик билим берүү системасын жүзөгө ашырууга өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгиледи.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова интернат тибиндеги балдар мекемелери системасын реформалоо боюнча Пландын аткарылышы боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, интернат тибиндеги балдар мекемелери системасынын ишмердүүлүгүн регламентация кылган ченемдик-укуктук базаны; бул системадагы жана үй-бүлөнүн курчоосундагы баланын укугун коргоону камсыздоону жүзөгө ашырууга басым жасалууда.

Ализа Солтонбекова асырап алуучу үй-бүлө жөнүндө жобонун жаңы редакциясына тандоонун алгоритми жана асырап алуучу үй-бүлөнү түзүү, баланы үй-бүлөгө жайгаштыруу, аны камсыздоо жана тарбиялоо, асырап алган ата-энеге жана баланы кароого каражат төлөөнүн жаңы механизми сындуу аспектилерди камтыйт деген маалыматтарды берди.

Жыйында Дмитриевкадагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) мектеп-интернатын, Красноречкадагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) мектеп-интернатын, Военно-Антоновкадагы жетим балдар жана ата-энесинен кароосуз калгандардын балдар үйүн, ошондой эле Бишкек шаарындагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү реаблитациялоо адистештирилген борборун оптималдаштыруунун жолу көрсөтүлдү.

Бул мекемелер интернат тибиндеги балдар мекемелери системасын реформалоо боюнча иш-чаралардын Планына кирди жана баланын жана үй-бүлөнүн жеке муктаждыгын эске алуу менен, трансформациянын алкагында иш-чаралардын планы даярдалды.

Алтынай Өмүрбекова бул шарттар ар бир бала үй-бүлөнүн курчоосунда чоңойсун, аларга мамлекет тараптан кам көрүү жана коргоо максаттарына жетүүгө багытталганын белгиледи.

«Мындан тышкары бул чаралар интернаттагы балдардын санын азайтууга, балдар үй-бүлөдө жашап, тарбияланып өсүшү үчүн узак мөөнөткө өткөрүп берүүгө жана жер-жерлерде ата-энелерге кошумча кызматтарды сунуш кылуу үчүн иштелип чыкты», - деди вице-премьер-министр.

Ал оор кырдаалга кабылган балдар тууралуу маалыматтардын автоматташтырылган бирдиктүү базасы пилоттук режимде жүзүгө ашырылып жатканын белгиледи. Бул база балдарды колдоо үчүн оперативдүү түрдө тийиштүү чараларды кабыл алууга шарт түзөт.

Вице-премьер-министр бул иштерди жүзөгө ашыруу үчүн турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды табуу иштери менен иштей турган 950 социалдык кызматкердин ыйгарым укуктары айыл өкмөттөргө өткөрүлөрүн түшүндүрдү.

«Иштер ийгиликтүү болооруна ишеним артып жатабыз. Тиешелүү мамлекеттик органдарга балдардын үй-бүлөнүн курчоосунда тарбиялануусун камсыз кылуу үчүн ар бир баланын үй-бүлөсү менен маектешүү, тиешелүү жардамдарды берүү боюнча индивидуалдуу план түзүү тапшырмасы берилди», - деди А. Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр асырап алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жана балдардын бирдиктүү маалымат базасы аркылуу бала асырап алууну каалаган жарандарга жагымдуу шарт түзүү, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын муктаждыгын эсепке алуу менен мектептерде коррекциялык класстарды ачуу маселесин тездетүү керектигин белгиледи.

Ошол эле учурда интернат тибиндеги жеке менчик билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүн, өзгөчө диний компоненти бар жайларда мыйзам талаптарынын аткарылышын иликтөө боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий