• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында 31 медицина жана 14 милиция кызматкери коронавирус жуктуруп алган

Аймак 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Нарын облусунда 31 медицина кызматкери жан 14 милиция кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, облуста жалпы 129 адам коронавирус жуктуруп алган. Анын ичинен 91 адам айыгып чыккан. Учурда 38 адам ооруканада дарыланууда.

"Райондор боюнча алсак, Ат-Башыда 70 киши, Жумгалда – 10, Нарын шаарында – 8, Кочкордо 3 адам айыгып, үйүнө чыгарылган. Учурда Ат-Башыда 7 киши, Жумгалда – 4, Нарын шаарында 27 адам дарыланып жатат", - деди ал.

Ал билдиргендей, учурда облуста обсервацияда 139 адам жатат, 455 адам үй карантининде болууда.

"Өкүнүчтүүсү оору жуктургандардын ичинен 31и медицина кызматкери болуп жатат. Ошондой эле милиция кызматкерлеринин арасынан да бул илдет аныкталып, 14 милиция кызматкери дарыланууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий