• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 25 жаштагы Дастан табылды

Аймак 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 25 жаштагы Дастан табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Эскерте кетсек, кечээ, 1-мартта Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын Арал айылынын тургуну 1996-жылы туулган Кубатбеков Дастан Замирбекович 2021-жылдын 16-февралынан бери дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат ЖМКларга таратылган.

Бул маалымат коомчулукка жарыяланган соң кайдыгер эмес жарандар тарабынан анын жүргөн жери аныкталган. 25 жаштагы Дастан адашып Бишкектеги “Манас” Эл аралык аэропортуна барып калган. Ал жерден Дастанды милиция кызматкерлери туугандарына өткөрүп беришкен.

Учурда Кубатбеков Дастан Замирбекович туугандары менен биргеликте Сузак районуна кайтып келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий