• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто үлүштүк эки көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Ошто үлүштүк эки көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Оштун мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын муниципалдык ипотекалык компаниясы тарабынан салынып жаткан үйлөрдүн курулушу менен жеринен таанышты.

Калаа башчысы Набережная көчөсүндө 9 кабаттан турган 106 батирлүү үйдүн курулушу жана Тилеке-Баатыр көчөсүндө 12 кабаттан турган 100 батирлүү үйдүн курулуш иштерин көрүп чыкты.

Долбоордун негизинде аталган үйлөрдүн айланасы жана ага чектеш аймак көрктөндүрүлүп, балдар аянтчаларын, унаа токтотуучу жайларды куруу каралган.

Бардык жумуштар белгиленген графике ылайык жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий