• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында Орозо айт намазын окууга 11 миңден ашуун адам чогулду

Аймак 0

Бишкек, 21.04.23. /Кабар/. Ош шаарында Орозо айт намазын окууга 11 миңден ашуун адам чогулду, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Айт намазга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, дин өкүлдөрү, аксакалдар Ош шаарынын тургундары жана коноктору катышты.

Калаа башчы Бакытбек Жетигенов чогулган жалпы момун мусулмандары ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктап бакубатчылык, ынтымак жана тынчтык, ден-соолук, береке жана жакшылыктарды каалады.

Пикир

Оставить комментарий