• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда өнөр жай, айыл чарба жана соода боюнча комиссиянын отуруму өттү

Аймак 0

Бишкек, 04.02.23. /Кабар/. Күн мурун, 3-февралда Жалал-Абад шаардык кеңешинин өнөр жай ишмердүүлүк, айыл чарба жана соода боюнча комиссиясынын мүчөлөрү кезектеги отурумга чогулушту.

Шаардык кеңештен билдиришкендей, анда 1-февралда болгон борбордук базардагы текшерүүдөн келип чыккан көйгөйлүү маселелер туурасында тиешелүү жетекчилерге сунуштар, тапшырмалар берилди.

Мындан сырткары, калаадагы иши жанданбай турган муниципалдык өнөр жай ишканаларынын абалы боюнча тиешелүү жетекчилердин маалыматын угушту.

Белгилей кетсек, буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан борбордук базар текшерилген.

Пикир

Оставить комментарий