• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл 4 айда бюджетке 10 млрд сомдон ашык киреше түшпөй калды – Асрандиев

Экономика 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Быйылкы жылдын 4 айында пландалган суммадан бюджетке 10 млрд сомдон ашык киреше түшпөй калды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

"Улуттук статистика комитетинин 1-майга карата берген маалыматына ылайык, Кыргызстандын ИДПсы 148 млрд сомду түзүп, былтыркы жылга караганда 3,8%га төмөндөгөн. Экономикадагы терс көрүнүштөр бюджеттин киреше бөлүгүнө таасирин тийгизди. Быйылкы жылдын 4 айында пландалган суммадан бюджетке 10 млрд сомдон ашык киреше түшпөй калды. Апрель айында эле бюджеттин киреше бөлүгүнүн жоготуулары 4,8 млрд сомду түздү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий