• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун түзүлгөн күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун түзүлгөн күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу аталган атайын багыттагы полктун басма сөз кызматы билдирди.

Майрамдык иш-чара эгемендүү кыргыз элине ак ниет кызмат кылууда, өз өмүрлөрүн аябай кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон кызматкерлердин эстелигине гүл коюп, бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.

Салтанаттуу иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрөгасы Султан Жоошбаев, полктун ардагерлери катышты.

Андан кийин полктун салтанаттуу күнү Ички иштер министрлигинин А.Шабиров атындагы республикалык окуу борборунун үч айлык алгачкы даярдоо курсун бүтүрүп кеген жаш кызматкерлердин ант берүүсү менен коштолду.

Акырында ички иштер министринин жана атайын багыттагы полктун командиринин буйруктары окулуп, бир катар кызматкерлер медаль, грамоталар менен сыйланып, жыл жыйынтыгы боюнча мыктылар аныкталды.

Салтанаттуу иш-чара полктун кызматкерлеринин саптык жүрүшү менен аяктады.

Эскерте кетсек, өкмөттүн 2014-жылдын 17-январындагы №31 токтомунун негизинде, коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун көзөмөлдөп, өлкөдөгү ар кандай кырдаалдарда кызмат өтөй турган Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полку түзүлгөн.

Полкту түзүүнүн негизги максаты жана милдети - кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө, өлкө аймагында өтө турган ар кандай иш-чараларда, салтанаттуу майрамдарда, саясий кырдаалдарда жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо, массалык тартипсиздиктерге бөгөт коюу өңдүү олуттуу милдеттер жүктөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий