• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Түркиянын Акыйкатчы институттары кызматташат. Меморандумга кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын акыйкатчысы (омбудсмен) Жамиля Жаманбаева жана Түркиянын башкы акыйкатчысы Шереф Малкоч адам укуктарын коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Документте Кыргызстан менен Түркиянын Акыйкатчы институттарынын ортосунда адам укуктары коргоо боюнча жалпы таанылган принциптер жана эл аралык нормаларга ылайык биргелешкен иш аракеттер каралган.

“Түркияда учурда 35 миңге чукул кыргызстандыктар жашап эмгектенип жүрүшөт, анын ичинен 6 миңден ашууну иштөөгө уруксаат алып иштешет, 30га чукул адам жабык жайларында кармалып жатышат, башкача айтканда, Түркия мамлекетиндеги жарандарыбыздын укуктарынын корголушуна дагы көңүл буруу бүгүнкү күндүн талабы болууда”, - деди Жаманбаева.

Акыйкатчылар Түркиядагы Кыргызстандын жана Кыргызстандагы Түркиянын жарандарынын укуктары жана эркиндиктери бузулган белгилүү учурлар жөнүндө өз маалында бири-бирине эскертүү берүүнү макулдашышты.

Шереф Малкоч аталган документ Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын укуктарынын сактоону камсыздоо боюнча кызматташтыкты күчөтөт деп белгиледи.

“Эки өлкөнүн Акыйкатчы институттары алардын аймагында жүргөн өздөрүнүн жарандарынын укуктары бузулган учурда колдоо көрсөтүүгө макулдашты. Биз абдан маанилүү документке кол койдук, ал адам укуктары үчүн күрөшүүдө бизди күчтүү кылмакчы”, - деди Шереф Малкоч.

Пикир

Оставить комментарий