• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаан карга айланат. Эртең өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрөт

Коом 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 28-октябрдан 1-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

28-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-октябрда күндүз жана 29-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт.

29-октябрда күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-31-октябрларда жана 1-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-октябрда эртең менен, күндүз жана 29-октябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. 29-октябрда түнкүсүн жаан карга айланышы мүмкүн.

29-октябрда күндүз, 30-31-октябрларда жана 1-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-октябрда күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

28-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондордунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда күндүз жана 29-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

29-октябрда күндүз Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-31-октябрда жана 1-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-октябрда күндүз жана 29-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

29-октябрда күндүз жана 30-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-октябрда күндүз, 31-октябрда жана 1-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-29-октябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-октябрда күндүз жана 29-октябрда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

30-октябрда түнкүсүн жаан, кар жаашы мүмкүн.

30-октябрда күндүз, 31-октябрда жана 1-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-29-октябрларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-октябрда күндүз жана 29-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-31-октябрда жана 1-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-29 октябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий