• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл түркүн түстүү 1 млн түптөн ашуун гүл Бишкектин көркүнө көрк кошот

Коом 0

Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. Быйыл түркүн түстүү 1 млн түптөн ашуун гүл Бишкектин көркүнө көрк кошот.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын күнөсканаларында бир жылдык гүлдөрдүн үрөнүн себүү иштери башталды.

Ишкананын кызматкерлери быйыл Бишкек шаарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн 1 млн 600дөн ашык гүл өстүрүүнү пландап жатышат.

Адистер көчөттөрдү өстүрүп, жазында борбор калаанын гүлзарларына отургузушат. Гүлдөр ишкананын кызматкерлери тарабынан түзүлгөн жана тандалган долбоор боюнча отургузулат.

Эске салсак, былтыр борбор калаа бир миллиондон ашык бир жылдык гүлдөр менен кооздолгон.

Пикир

Оставить комментарий