• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда "жакырчылык чеги" $50 деңгээлинде белгиленди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. Өзбекстанда 2024-жылга карата минималдуу керектөө чыгашалары бир адамга айына 621 миң сумду (50 АКШ доллары) түздү. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика агенттиги билдирди.

Өлкөдө жакырчылыктын чегин аныктоо үчүн колдонулган көрсөткүч 9,3 пайызга өстү (акыркы жолу 2023-жылдын июль айында 498 миң сумдан 568 миң сумга чейин жогорулаган).

Көрсөткүчтү эсептөөдө инфляциянын расмий деңгээли эске алынган, ал 2023-жылы 8,77% түзгөн, ал эми азык-түлүк товарлары орточо эсеп менен 9,7% кымбаттаган.

Минималдуу керектөө чыгымдары адамдын тамак-ашка, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон күнүмдүк керектөөлөрүн камтыйт. Бул ыкма адамдын күнүмдүк бюджетин эсептөө үчүн зарыл болгон негизги чыгымдарды аныктайт.

2022-жылы Өзбекстанда минималдуу керектөө чыгымдары 498 миң сум (40 доллар) деп белгиленген. 2021-жылы бул көрсөткүч 440 миң сумду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий