• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте өз жанын кыюуга аракеттенген эки жаран куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Бишкекте өз жанын кыюуга аракеттенген эки жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Морозов көчөсүндө жайгашкан үйдүн чатырында 25 жаштагы М.А. аттуу жигит өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Куткаруучулар жерине жеткенге чейин ал милиция кызматкерлери тарабынан аман-эсен түшүрүлгөн.

Ошондой Т.Айтматов менен Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде 17 жаштагы А.Т. аттуу бала жаңы салынып жаткан имараттын 9-кабатынан секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Жерине тартылган куткаруучулар милиция кызматкерлери менен биргеликте сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп, баланы өз өмүрүн кыюудан сактап калышкан.

Пикир

Оставить комментарий