• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте троллейбус велосипедчен адамдан качам деп трансформаторду сүзүп алган

Кырсык 0


Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Бишкекте троллейбустун айдоочусу велосипедчен адамдан качам деп трансформаторду сүзүп алган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-мартта саат 06:00дөр чамасында троллейбус Өмүрканов көчөсү менен батышты көздөй бара жатып Ашар көчөсүнүн кесилишинен велосипедчен адамдан качам деп трансформаторду сүзүп токтогон.

Жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес.

Пикир

Оставить комментарий