• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Өлкөдө автомектептердин унаалары текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Өлкөдө автомектептердин унаалары текшерилүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча автомектептердин окуучуларды үйрөтүүчү транспорт каражаты менен айдоонун сапатын жогорулатуу максатында ЖКККББнын өздүк курамы Кыргызстандын аймагында рейд жүргүзүүдө.

Рейддин алкагында автомектептердин курсанттарды үйрөтүүчү авто унаалары текшерилип, аныкталган кемчиликтерине тийиштүү айып пулдар салынууда.

Белгилей кетсек, "Үйрөтүүчү транспорт каражаты" аталышындагы профилактикалык рейд 13-майдан 19-майга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий