• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Экология көйгөйү: Бишкектин абасына мониторинг жасоочу система алууга сынак жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 25.12.18. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги Бишкек шаарынын абасынын булгануусуна мониторинг жасоочу автоматташтырылган системаны алууга жана орнотууга ачык сынак жарыялады. Бул тууралуу ведомствонун расмий сайтында жарыяланган.

Маалыматка ылайык, автоматташтырылган станция Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу максатында жана ошондой эле абанын абалына талдоо жүргүзүү, анын сапатын аныктоого багытталган.

Сынак КРнын “Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу” мыйзамына ылайык өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий