• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кочкордо 48 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Кочкордо 48 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө Мыйзамдарынын аткарылышы боюнча “Кадастр” Мамлекеттик ишканасынын Кочкор филиалында текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, аталган орган тарабынан мамлекеттик үрөөн чарбасынын менчигинде турган жер аянты эч кандай укук аныктоочу иш кагаздар жок болсо дагы жеке менчиктеги үрөөн чарба кооперативинин наамына берилип кеткендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен көзөмөл органы тарабынан прокурордук талап келтирилип, жогоруда аталган 48 млн сомго бааланган 9,2 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий