• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркиядагы жер титирөө. Кыргызстандык куткаруучулар уранды астынан 22 адамдын сөөгүн алып чыкты

Коом 0


Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Түркиянын Кахраманмараш шаарына барган Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 22 адамдын сөөгүн урандылардын астынан алып чыкты.

Ведомстводон билдиришкендей, бул бишкек убактысы боюнча саат 15:00гө карата маалыматтар.

Кыргызстандыктар менен бирге Түркиянын, Россиянын куткаруучулары, ошондой эле жергиликтүү ыктыярчылар куткаруу-издөө иштерине катышууда.

Ал эми каза болгон жарандардын жакындарына КР ӨКМдин психологдору жардам көрсөтүп жатышат.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Учурда Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 12 миң 800 адам, жабыркагандардын саны 62 миң 914 адамды түзгөндүгү кабарланууда.

Пикир

Оставить комментарий