• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртең Бишкектин борбордук бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 27.06.23. /Кабар/. Эртең, 28-июнда Бишкектин эски аянтында Курман айт намазы окулат. Буга карата шаардын борбордук бөлүгү саат 02:00дөн 09:00гө чейин жабылат.

Төмөнкү көчөлөрдө убактылуу чектөөлөр киргизилет:

  • Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки аралыгы;
  • Фрунзе көчөсүнүн Тоголок Молдодон Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Тыныстанов көчөсүнүн Фрунзеден Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;
  • Чүй проспектисинин Тыныстановдон Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландаштырып алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий