• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Акылбек Жапаров жана "Abu Dhabi Developmental Holding Company" башкы директору кызматташтыкты талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумушчу сапарынын алкагында "Abu Dhabi Developmental Holding Company" ("ADQ") компаниясынын башкы директору – башкаруучу директору Мохаммед Хассан Аль-Сувейди менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн экономикасынын негизги тармактарын, анын ичинде тамак-аш жана айыл чарба, авиация, каржы кызматтары, саламаттыкты сактоо, өнөр жай, логистика, кыймылсыз мүлк, туризм жана мейманкана бизнеси, транспорт жана энергетика тармагын камтыган маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстан стратегиялык жактан Евразия континентинин борборунда ыңгайлуу жайгашып, ал эми транспорттук-коммуникациялык долбоорлорду ишке ашыруу абдан келечектүү жана маанилүү багыттардан экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Мохаммед Хассан Аль-Сувейди ADQ компаниясы өзүнүн глобалдык катышуусун кеңейтүүгө умтуларын жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кызматташууну арттырууга даяр экендигин баса белгиледи.

Маалымат үчүн: "ADQ" Абу-Дабинин мунайзатка тийиштүү эмес экономикасынын негизги секторлорун камтыган ири ишканалардын ар түрдүү портфелине ээ Жакынкы Чыгыш аймагындагы эң ири холдинг компанияларынын бири.

Компаниянын акционери Абу-Даби эмиратынын өкмөтү болуп саналат.

Компаниянын портфелинде 90дон ашык ири ишканаларга түз жана кыйыр инвестициялар кирет. Фонд 110 млрд АКШ долларына жакын активдерди башкарат.

Пикир

Оставить комментарий