• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто мас абалында күйөөсү аялын өлтүрө сабап салган

Укук тартиби 0

ОШ, 08.08.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ошто эс алып жүргөн жеринен күйөөсү мас абалында аялын сабап койгон. Бул тууралуу Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-августта болжолу менен саат 18:55 чамасында Н. Исанов атындагы көчөсүндөгү үйдө катуу таяк жеген аялдын денеси табылганы боюнча кабар келген.

Териштирүү иштеринде 1978-жылы туулган О. Н. аттуу аял күйөөсү менен бирге эс алып жүргөн. Бассейндин жанында алар ичимдик ичишкен. Ортолорунда уруш чыгып, күйөөсү бир нече ирет аялын муштум менен уруп калган. Өзүнүн оор абалына карабастан аял үйгө жеткен, бирок катуу таяк жегенине байланыштуу каза болуп калган.

Кылмышка шектүү катары анын күйөөсү 1973-жылы туулган Н. Н. аттуу жаран кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө ал эс алып жүргөндө аялын бир нече ирет урганын моюунуна алган. Бирок ал аялынын каза болуп калаарын билген эмесмин деген. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.

Бул факты боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий