• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Назарбаев Россияга карата санкциялар Казакстанга таасир бериши мүмкүндүгүн четке какпайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 08.08.2017. /Кабар/. Россияга карата батыштык санкциялар Казакстанга таасир бериши мүмкүн. Муну эске алуу керектигин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Астанада премьер-министр Бакытжан Сагинтаев менен жолугушууда билдиргенин akorda.kz кабарлады.

“Мен өкмөт абдан катуу иштеп жатат деп эсептейм. Бардыгыңарга кайрылам: жыл аягына чейин уюшкандыкта игтеп, быйыл жакшы көрсөткүчтөргө жетишүүбүз зарыл. Россияга карата батыштык санкциялардын таасири ти йиши мүмкүн. Энергетикага, сырьелук продукцияга баанын өзгөрүү тобокели бар. Муну эске алуу керек”, - деди Назарбаев.

Россияга экономикалык санкциялардын жаңы пакети жана анын компаниялары АКШ президенти Дональд Трамп тарабынан 2-августта кол коюлган. Ушул эле күнү доллардын курсу Казакстандын алмаштыруу жайларында 1 доллар үчүн 343 теңгеге жогорулаганын “Азаттык” радиосунун казак кызматы жазат.

Пикир

Оставить комментарий