• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда Chevrolet Spark менен Nexia автоунааларын чыгаруу токтотулат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.08.22. /Кабар/. UzAuto Motors компаниясы 2022-жылдын алты айында 160 миң автоунаа чыгарып, кардарлардын каалоосун эске алуу менен жаңы үлгүлөрдү өндүрүүнү колго алды.

Gazeta.uz басылмасы автоконцерндин маалымат кызматына шилтеме кылып билдиргендей, заманбап үлгүдөгү автоунааларга суроо-талап өскөндүктөн, UzAuto Motors өндүрүш кубаттуулугун акыркындык менен жаңы үлгүлөрдү чыгарууга жумшай баштайт.

Chevrolet Tracker жана Onix үлгүлөрү менен бирге Chevrolet автоунаасынын жаңы моделдерин кеңейтүү боюнча иш башталды.

Июлда Chevrolet Tracker автоунаасынын өндүрүшүнө старт берилген, андан бир аптадан кийин Chevrolet Onix үлгүсүндөгү биринчи унаа чыгарылган. Аны жапырт түрдө 2023-жылдын башынан тарта өндүрүү пландалууда.

Конвейерлер башка моделдерге которулгандыктан, Chevrolet Spark менен Nexia автоунааларын чыгаруу 2022-жылдын аягында токтотулат.

Пикир

Оставить комментарий