• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстандагы президенттик шайлоо: Токаев добуштардын 82,45% алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.11.22. /Кабар/. Казакстандагы "Ачык коом" институтунун экзит-поллуна ылайык, 20-ноябрдагы президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев добуштардын 82,45 пайызына ээ болду.

Экинчи сапка 5,2% менен "Баарына каршы" деген графа чыкты. Талапкерлер Жигули Дайрабаев 3,33%, Каракет Абден 2,54%, Мейрам Кажыкен 2,23%, Нурлан Ауесбаев 2,17%, Салтанат Турсынбекова 2,08% добуш топтоду.

Алгачкы расмий жыйынтык 21-ноябрда жарыяланат.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, жекшембидеги шайлоодо 12 миллионго чукул шайлоочунун 8 миллиондон 300 миңге жакыны же 69,4 пайызы добуш берди.

Жети-Суу облусунда шайлоочулардын 81 пайыздан ашыгы добуш берсе, эң төмөнкү көрсөткүч Алматы шаарында катталды. Бул шаарда шайлоочулардын 28 пайыздайы гана урнага бюллетень салды.

Пикир

Оставить комментарий