• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку соттун төрагасы Базарбеков Индияда эл аралык конференцияга катышууда

Коом 0


Бишкек, 21.11.22. /Кабар/. КР Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Индиянын Лакхнау шаарында өтүп жаткан дүйнөнүн жогорку сотторунун төрагаларынын эл аралык 23-конференциясына катышууда. Бул тууралуу ведомстводон билдирди.

Маалыыматка ылайык, Базарбеков конференцияда 2021-жылы КР Жогорку Кеңеши тарабынан "Балдар жөнүндө" кодекс кабыл алынганын билдирди.

"Бул балдарды кандай гана шартта болбосун физикалык жазалоого тыюу салган биринчи укуктук документ, ал оор кырдаалдагы балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө көңүл бурууну күчөтөт жана балдарды коргоонун күчтүү системасынын негизги звеносу катары жамааттык социалдык кызматтарды орнотот.

Документ ошондой эле ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды социалдык жактан коргоо укуктарын, мигрант балдарды жана калктын аялуу катмарын коргоо үчүн мыйзамдык базаны бекемдейт. Интернат мекемелерин жоюп, үй-бүлө тибиндеги турак-жайларды түзүү каралган.

Эгерде мурда адистештирилген тергөөчүлөрдүн, адвокаттардын жана судьялардын милдети ар бир бөлүмдүн локалдык ченемдеринде болсо, анда «Балдар жөнүндө» кодекстин кабыл алынышы менен бул талаптар Кодексте белгиленген, Баланын кызыкчылыгын коргоо максатында бул дагы бир жолу максималдуу кесипкөй мамиле жасоонун зарылдыгын ырастайт", - деди ал.

Ошондой эле республиканын башкы судьясы Кыргызстан эгемендүүлүгүн жарыялаган учурдан тартып балдардын укуктарын коргоону, ишке ашырууну, алардын туруктуу, жагымдуу адеп-ахлактык жана психикалык өнүгүүсүн камсыз кылуунун маанилүүлүгүн билип, жыл өткөн сайын баланын укуктарын коргоону камсыз кылууга багытталган мыйзамдар жакшыртылып жаткандыгын белгиледи.

Конференцияны дүйнөнүн 136 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышып жаткан Монтессори Сити мектеби уюштуруп жатканын белгилейбиз.

Пикир

Оставить комментарий