• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда кунарсыз жайыттарга Россиядан алып келинген үрөндөр себилүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Кыргызстанда кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында жайыт үрөндөрү себилүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында Россиядан 99 тонна 500 кг жайыт үрөнү сатып алынып, Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти тарабынан айыл өкмөт, жайыт комитеттерине таратылып берилген.

Учурда климаттык шартка жараша себүү графиктери түзүлүп, үрөндөрдү себүү иштери жүрүп жатат.

"15-ноябрга карата республика боюнча 8 миң 950 га жайыт аянтына үрөн себилип, иштер жалпысынан 89%га аткарылды", - деп айтылат маалыматта.

Облустар боюнча алып караганда:

- Нарын облусу - 1463 га;
- Ош облусу – 2016,6 га;
- Жалал-Абад облусу - 2454 га;
- Ысык-Көл облусу - 1123 га;
- Чүй облусу – 554 га;
- Талас облусу – 507 га;
- Баткен облусу – 832 га.

Пикир

Оставить комментарий