• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде заманбап спорт комплекси курулууда

Аймак 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Баткен шаарында жаштар үчүн бардык шарты бар заманбап спорт комплекси курулууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлугүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 12 млн сом каралган, учурда иш 80%га аяктап калган.

Аталган спорт мекемесинде жаштар волейбол, баскетбол, футбол, күрөш боюнча машыкса болот, ошондой эле комплексте аялдар, эркектер үчүн өзүнчө машыгуучу залдары, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрү, жуунучу жай менен ашканасы да пландаштырылган.

Белгилей кетсек, шаарда жаштар үчүн спорт комплексинин жоктугунан, жаштар орто мектептердин спорт залдарында сабактан кийинки убактарда, кечинде машыгууга мажбур болуп келишет. Ал эми кыз келиндер үчүн спорт менен машыгуу залдары болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий