• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте маршрутка айдоочулары шаар тургундарына кайрылуу жасашты

Коом 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Бишкекте маршрутка айдоочулары шаар тургундарына кайрылуу жасашты. Эки күндөн бери каттамга чыкпай жаткан айдоочулардын башкы талабы жол акысын жогорулатуу - 10 сомдон 15 сомго чейин жана жыл сайын бир сомго жогорулатып туруу.

№106 маршрутканын айдоочусунун айтуусуна караганда, тариф 12 жылдан бери көтөрүлгөн эмес.

«Күйүүчү майдын, жабдыктардын кымбатташы башкы себеп болууда. Айдоочулардын 80 пайызынын насыясы бар. Алардын айрымдары маршруткасын оңдоо үчүн кредит алган», - дейт ал.

Ал өз кайрылуусунда айдоочулар жасап жаткан жакшы иштер элге жетпей жаткандыгын айтып нааразы болду.

"Биз 60 млн сом өлчөмүндө салык төлөйбүз, ал шаардын муктаждыктарына кетет. Автобус жана троллейбустардан пайда түшпөйт да. Биз транспортубузду өзүбүз оңдойбуз, мэриядан бир тыйын акча сураган жокпуз. Болгону пенсионерлерди 5 сомдон ташыйбыз. Мэрия суранган. Бирок керектүү жабдыктарды сатып алууда бизге мэрия жардам бербейт", - дейт.

Эске сала кетсек, кечээ, 2-июнда маршрутка айдоочулары каттамга чыгуудан баш тартып, тарифти дагы беш сомго көтөрүүнү талап кылышууда. Бишкек мэриясы аталган маселе сентябрь айында гана чечиле тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий