• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавируска чалдыккан бейтаптарды уу коргошун менен дарылоодобу? Расмий жооп

COVID - 19 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик ооруканаларда коронавируска чалдыккан бейтаптарды “Ысык-Көл тамырынын” (уу коргошун) кайнатмасы менен дарылоо жүрбөгөндүгүн билдирди.

Анын айтымында, буга чейин клиникалык сыноого 400 бейтап катышкан.

“Сыноонун анализдери Казакстан, Россия жана башка өлкөлөрдүн адистерине жөнөтүлгөн. Алардан жооп күтүп жатабыз. “Ысык-Көл тамыры” абалы жеңил жана орто болгон бейтаптарга колдонулган”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий