• 88.68
  • 95
  • 0.95

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда күн сууктап, тоолуу аймактарда кар жаайт

Коом 0

Бишкек, 22.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 22-августта Кыргызстандын аймагында абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12⁰, күндүз 20...25⁰, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4...9⁰, күндүз 18...23⁰, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12...17⁰, күндүз 24...29⁰, тоо этектеринде түнкүсүн 7...12⁰, күндүз 21...26⁰, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2⁰, күндүз 12...17⁰, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 6...11⁰, күндүз 18...23⁰, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2...7⁰, күндүз 19...24⁰, тоолуу райондордо түнкүсүн 1...6⁰, күндүз 10...15⁰, бийик тоолордо түнкүсүн -2...-7⁰, күндүз 3...8⁰ка чейин төмөндөйт.

Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий