• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Муфтий өлкөдөгү дин кызматкерлерине хатм Куран окуу боюнча тапшырма берди

Коом 0

Бишкек, 22.08.22. /Кабар/. Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев өлкөдөгү дин кызматкерлерине хатм Куран окуу боюнча тапшырма берди, - деп билдирет Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы.

Маалыматта окулган хатм Курандын сообу маркумдарга багыштала тургандыгы айтылат.

"Ульяновск облусунун Николаевск районундагы Прасковьино жана Новоспасское айылдарынын ортосундагы М-5 “Урал” автожолунда болгон жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандык мекендештерибиздин туугандарына жана жакындарына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жана жалпы мусулмандардын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жараткан Алла Таала ар бириңиздерге бекем сабырдуулукту жана кайраттуулукту берсин. Бул каргашалуу кырсыкты жалпы мусулмандар жана кыргыз эли оор кайгы менен кабыл алып, мекендештерибиз үчүн оор жоготуу деп билемин. Алла Таалам маркумдарыбызды өз ырайымына алып, ага-тууган, жакындарына сабыр берсин", - деди муфтий.

Белгилей кетсек, Ульяновск облусуна караштуу Николаевск районунун Праскавьина жана Новопасское айылдарынын ортосунда жол кырсыгы катталып, 14 кыргызстандык каза болду. Үч киши медициналык мекемеге жаткырылып, учурда алардын жарандыгы такталууда.

Окуя болгон жерге консулдук укуктук жардам көрсөтүү максатында КРнын Россиядагы элчилигинин консулдук кызматкерлери жөнөп кетишти.

Жогорудагы окуянын бардык жагдайларын тактоо максатында Ульяновск районунун укук коргоо жана компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен байланыш түзүлдү. Элчилик тарабынан жогорудагы кырсыкта каза болгон жана жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандары үчүн +7 (926) 861 50 98 ишенимдүү түз байланыш номери уюштурулду.

Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде да +996 508 628-588, +7 977 947 55 80, +996 551 312-000 (WhatsApp) түз байланыш номерлери ачылды.

Ал ортодо президент Садыр Жапаров ТИМ, ӨКМ, “Манас” эл аралык аэропортуна Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий