• 88.68
  • 95
  • 0.95

Казакстанда акыркы суткада 397 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 397 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 53, Алматы шаарында – 19, Шымкент шаарында – 5, Акмоло облусунда – 65, Актөбе облусунда - 6, Алматы облусунда - 12, Атырау облусунда - 5, Чыгыш-Казакстан облусунда – 12, Жамбыл облусунда – 1, Батыш-Казакстан облусунда – 5, Караганда облусунда - 81, Костанай облусунда - 14, Кызылорда облусунда – 1, Мангистау облусунда - 2, Павлодар облусунда - 57, Түндүк-Казакстан облусунда - 57, Түркстан облусунда – 2 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 980 миң 372 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий