• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин вице-мэри жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды

Коом 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Бул тууралуу ал брифингдин жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, учурда кырдаал туруктуу, бирок, бул эрежени сактабай ,өзүн бош таштоого себеп эмес.

“Бизде ооруну симтомсуз алып жүрүүчүлөр көп, бирок биз жеке гигиенаны сактоого, ошондой эле эмдөөдөн өтүүгө чакырып жатабыз. Бүгүнкү күндө ооруканада дарыланып жаткан жарандардын бардыгы – 150дөй бейтап эмдөөдөн өткөн эмес”, - деди Мозгачева.

Ал кошумчалагандай, айрым жарандар өз антителолоруна ишенип жатат, бирок антитело бардык штаммдардан коргой турганына 100 пайыздык кепилдик жок. Анткени, ковидден кийинки жана вакцинадан кийинки антителолор ар башка.

“Ооба вакцина алган соң сизге коронавирус жукпайт деген кепилдик берилбейт, бирок эмдөөдөн өткөн адам ооруну жеңил өткөрөт”, - деди вице-мэр.

Пикир

Оставить комментарий