• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Караколдогу үй-бүлөлүк медицина борборунун директору пара менен кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Б.Ж пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 13-майында УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматтык укук бузууларга жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында 100 миң 500 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн координатору, Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Б.Ж. кармалды.

Маалым болгондой, кармалган Б.Ж. акча каражатын өз кезегинде орто медициналык кызматкерлерден чогултушкан Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелеринин жооптуу кызматкерлеринен алган.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий