• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бажы кызматкерлери профайлинг боюнча билимдерин жогорулатты

Коом 0

Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. «Түштүк-Батыш» бажысынын жана «Баткен» бажысынын 15 кызматкери профайлинг боюнча билимдерин жогорулатты.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, окутуулар 7-августтан 11-августка чейинки мезгилде «Түштүк-Батыш» бажысынын базасында өткөрүлдү.

Бажы кызматкерлери адамдын жүрүм-турумунун мүнөзүн баалоону жана болжолдоону талдоо жүргүзүүнүн негизинде бажы мыйзамдарынын талаптарын бузууларды аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттарында профайлинг ыкмаларын колдонуу боюнча билимдерин жогорулата алышты. Курстун аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Курс USAID «ТСА программасынын» колдоосунда уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий