• 88.68
  • 95
  • 0.95

Артыкбаев Монголиянын ТИМ башчысынын орун басарына ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 18-августта Улан-Батор шаарында Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев Монголиянын тышкы иштер министринин орун басары Амартүвшин Гомбосуренге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда Амартүвшин Гомбосурен Айбек Артыкбаев ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырышы менен куттуктап, Кыргызстандын Монголиядагы элчиси кызматында ийгиликтүү ишмердүүлүктү каалады.

Өз кезегинде, элчи Артыкбаев маектешине ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн тапшыруу жана Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ыраазычылык билдирди.

Тараптар үстүбүздөгү жылдын 9-11-июлунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын жана Кыргызстандын Монголиядагы элчилигинин ачылышынын маанилүүлүгүн белгилешти. Бул эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүүгө олуттуу түрткү берерине ишенишкенин билдиришти.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө маектештер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, соода-экономикалык, туристтик жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолушту.

Жолугушуунун соңунда тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы биргелешкен иштерди жүргүзүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий