• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде чек арадагы каргашалуу окуяларда каза болгондордун элесине арналган мемориал ачылды

Аймак 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Бүгүн Баткен шаарында 2021-жылдын апрелиндеги жана 2022-жылдын сентябрындагы чек ара окуяларынын курмандыктары эскерилип, “Жеңиш” паркында чек ара курмандыктарынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында тургузулган эстелик мемориалынын ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Эстелик мемориалында чек ара окуясынын курмандыгы болгон кичинекей Мадинанын элеси чагылдырылган. Колундагы жети көгүчкөн - тынчтыктын, жети облустун биримдигинин символу.

Мемориалды жергиликтүү скульптор Абдисапа Калматов жасаган.

Иш-чарагаминистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев,Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, Дин аалымы Абдышүкүр ажы Нарматов, чек ара окуяларында каза болгон жарандардын жакындары, облустун активи катышты.

Иш-чаранын катышуучулары каза болгон мекендештерге багыштап куран окуп, бата кылышты.

Пикир

Оставить комментарий