• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарында күмүш медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 26.09.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы оюндарда күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу оюндардын расмий сайтында маалымдалат.

Чейрек финалда япониялык Акие Ханаи атаандашын жеңген Тыныбекова, жарым финалда 36 секундада вьетнамдык Дао Тихуонду уткан. Тыныбекова алтын медаль үчүн финалда кытайлык спортчу Пей Хингруга менен беттешкен. Бирок ал 1:4.эсебинде утулуп калган.

Учурда Кыргызстандык спортчулардын байге куржунунда 55 медаль бар, алардын 7-алтын, 17-күмүш жана 31-коло.
Азия оюндарына Кыргызстандан 153 спортчу спорттун 17 түрү боюнча катышууда: жеңил атлетика, сууда сүзүү, спорттук күрөш, баскетбол 3х3, алыш күрөшү, бильярд спорту, шахмат, спорттук бий, ат спорту – конкур, футзал, джиу-джитсу, кикбоксинг, казак күрөшү, тай боксу, самбо, таэквондо, улуттук түркмөн күрөшү.

Оюндар 27-сентябрда аягына чыгат.

Пикир

Оставить комментарий