• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

“Адеп – адамдын көркү” темасында эссе жазууга республикалык сынак жарыяланат

Коом 0

Бишкек, 26.09.17 /Кабар/. Ыйман, адеп жана маданият жылына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 28 жылдыгына карата КР Жогорку Кеңеши, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия,КР Билим берүү жана илим министрлиги “Адеп – адамдын көркү” темасында бүтүрүүчү класстын окуучулары үчүн эссе жазууга сынак жарыялайт. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Сынакка республиканын жалпы билим берүүчү орто мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары катыша алат. Катышуучулар “Адеп – адамдын көркү” аталышындагы темада ой толгоолорун эссе түрүндө жазуусу керек. Купуялуулукту сактоо максатында эссенин автору кагаздын оң бурчуна аты-жөнүн жазып чаптап коюусу зарыл.

Сынактын 1-туру 2017-жылдын 28-сентябрында жалпы билим берүүчү орто мектептерде жүргүзүлөт. Бул күнү саат 10.00дө республиканын бардык орто билим берүүчү мекемелеринин бүтүрүүчү классынын окуучулары эссе жазышат. Мектепте түзүлгөн атайын комиссия мыкты эсселерди тандап, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга 2017-жылдын 15-октябрына чейин жиберүүсү керек.

Сынактын жыйынтыгы 2017-жылдын декабрь айында чыгарылып, жеңүүчүлөр белектер, диплом жана китептер менен сыйланып, мыкты эсселер атайын жыйнакка чыгарылат. Сыйлоо аземи жалпы коомчулуктун, ММКнын катышуусу менен салтанаттуу белгиленет.

Сынактын жобосу төмөнкү шилтемеде.

Пикир

Оставить комментарий