• 88.68
  • 95
  • 0.95

С.Жээнбеков: Мен коррупцияга каршы айныгыс күрөштү улантам

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 26.09.17 /Кабар/. «Коррупция абдан чоң көйгөй бойдон калууда. Мен коррупция менен айныгыс күрөштү улантам, болбосо, коррупция мамлекеттин түбүнө жетиши мүмкүн», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Баткен областынын Кадамжай районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда.

«Мен 1995-жылдан бери саясатта жүрөм жана ким мамлекетке ак кызмат кылган, ал эми кимиси зыян келтиргенин жакшы билем. Айрымдар өздөрү коррупционер болуп алып, коррупцияны жок кылабыз деп кыйкырышат. Мына коррупцияга күрөш башталгандан бери 7 миңден ашуун кылмыш иштери козголду, эл байлыгына кол салган чабактар эмес, киттер түрмөгө отургузулуп жатат. Кызматына, даражасына карабастан, коррупцияга аралашкан ар-бир адам жооп берүүгө тийиш. Уурунун орду түрмөдө. Менин максатым – мыйзамдын алкагында күрөштү катуулатуу жана коррупцияны жоюу», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал кошумчалагандай, анын шайлоо программасы жүрөгүнөн чыккан, ал үчүн мунуэч ким жазып берген эмес. «Мен анны мекендештер менен жолугушуулардан, аймактарга болгон сапарлардан улам иштеп чыккам. Мен кечиктирилбей чечиле турган бардык көйгөйлөрдү, жетишпестиктерди жана маселелерди билем. Менин программам ушинтип жаралган», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал өлкө эмнеге муктаж экенин ата пөттү. Бул – адилеттүүжана таза бийлик, билим алуу, сапаттуу саламаттыкты сактоо, жаңы мектептер жана бала бакчалар, таза ичүүчү жана сугат суусу, айыл-чарбасына арзан кредиттер, жаңы жолдор, өндүрүштү жогорулатуу ж.б. «2016-жылдын апрелинде мен Премьер-министр кызматына киришкен мезгилде ички дүӊ продукт 4,9 пайызга, өнөр-жайы 26 пайызга төмөндөп кеткен. 2017-жылдын алты айында ички дүӊ продукт 6,4 пайызга, өнөр-жай 31,6 пайызга жогорулады. Мен мындан ары да өнөржайдын өнүгүүсүнүн үстүндө иштейм», - деп белгиледи талапкер.

Кадамджай районунун жашоочулары Сооронбай Жээнбековго добуш беришээрин жана жердештерин өлкөдөн кымбат дөөлөт жок деген принципти карманган эң татыктуу жана тажрыйбалуу талапкерди тандоону чакырышты.

Жолугушуунуна ягында көбүнесе социалдык маселелер жана чек ара көйгөйлөрүн камтыган шайлоочулардын суроолоруна убакыт берилди.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 26.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий