• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкенттеги кыргызстандыктар КР президентин шайлоодо добуш берип башташты

Шайлоо 2017 0

Ташкент, 15.10.17. /Толонбай Курбанов - Кабар/. Бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча таңкы 8де Ташкенттеги Кыргызстандын элчилигиндеги № 9025 шайлоо тилкеси ачылды.

Элчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, биринчилерден болуп элчиликтин кызматкерлери шайлашты. Шайлоочулардын тизмесинде 600дөн ашуун Өзбекстанда туруктуу жана убактылуу жашаган кыргызстандыктар бар.

Улуттук мыйзамдарына ылайык Өзбекстандагы КР жарандары консулдук каттоодо турган улуттук паспорттун бардык түрү менен добуш бере алышарын басма сөз кызматынан ырасташты.

Шайлоо тилкеси жергиликтүү убакыт боюнча 20:00дө жабылат.

Добуш берүү уланууда.

Пикир

Оставить комментарий