• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кадамжай: С.Жээнбеков мыкты президент болот!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 28.09.17 /Кабар/. Президентикке талапкер Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Кадамжай районунун шайлоочулары менен жолукту. Өкмөт башында турганда бул райондогу Бүргөндү массивине суу чыгарууга кошкон зор салымын жакшы билген кадамжайлыктар Сооронбай Жээнбековду чоӊ урмат-сый менен тосуп алышты. Жергиликтүү тургундар Сооронбай Жээнбековго добушун беришерин да жашырышкан жок.

Хамид АЛИМЖАНОВ, район тургуну:

- Мен Сооронбай Жээнбеков менен Скрябин атындагы айыл чарба институтунун зоотехник адистигинде бир курста окугам. Окууну бүткɵндɵн кийинки жылдары да бирге иштештик.

Биз Баткен облусунда бир катар долбоорлорду ишке ашырууну кɵздɵп жатабыз. Атап айтканда, бургу орнотуу, тамчылап сугаруу системасын жайылтуу жана Дубайдагыдай ырдоочу фонтан куруу. Мындай долбоорлорду Сооронбай Жээнбеков демилгелеген. Мындан сырткары, жүн жана эт багытындагы ангор эчкилерин, австралиялык меринос койлорун ɵстүрүп, облустун аймагына жайылтсак дейбиз. Мына ушул долбоорлорду Сооронбай Жээнбеков башынан колдоп келатат. Кудай буюруп президент болуп шайланып калса, максаттарыбызды биргеликте ишке ашырабыз. Ошондуктан курсташы, досу катары анын талапкерлигин колдоп жатам. Баткендин элинин да Сооронбай Жээнбековго кɵзү түз. Алдыдагы шайлоодо жеңишке жетишет деп ишенип турабыз.

Айпери МАХМАДИМАР кызы, район тургуну:

- Мен Кадамжай районунун жаштарынын Сооронбай Жээнбековго колдоосун билдиргим келет. Ага эртеңки келечегибизди ишенип тапшырууга даярбыз. Ал ɵзүнүн жɵнɵкɵйлүгү, иш билгилиги, ыймандуулугу жана тазалыгы менен Кадамжайдын жаштарынын симпатиясына ээ болууда. Кыргызстандын эртеңине кайдыгер карабаган бардык жаштарды КСДП партиясынын талапкерин колдоого чакырам. Кыргызстан чоң сыноонун, тандоонун алдында турат. Ошондуктан туура тандап, татыктуу талапкерди ɵлкɵ башчылыгына шайлайлы!

Замира САБУРДИНОВА, район тургуну:

- Эмне үчүн Сооронбай Жээнбеков? Ал жɵнɵкɵй, элге жакын, салабаттуу адам, ошол эле мезгилде талапты катуу коё билген тажрыйбалуу жетекчи. Мамлекетине жана элине берилген мекенчил инсан. Эч качан элдин, ɵлкɵнүн кызыкчылыгына каршы келген иштерге аралашкан эмес. Саясий ызы-чуулардан алыс, популисттиги жок. Ал адамдарды улутуна, социалдык абалына карап бɵлбɵйт, ал биринчи кезекте кесипкɵйлүгүнɵ, жɵндɵмдүүлүгүнɵ карап баалайт. Ал кээ бирлердей тɵш кагып мактанбайт, аз сүйлɵп, кɵп иштеп натыйжа жаратууну гана ойлонот.

Ɵкмɵт башчы болуп турганда айыл чарба тармагын кескин алдыга жылдырды. Экспорттун кɵлɵмү болуп кɵрбɵгɵндɵй ɵсүш берди. Сооронбай Жээнбеков ɵлкɵ башчысы болсо, Кыргызстанды туруктуу, ишенимдүү келечек күтɵт. Бул үчүн биздин балдарыбыз, неберелерибиз бизге рахматын айтышат. Ошондуктан биз, кадамжайлыктар 15-октябрда Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгɵ чакырабыз.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 27.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий