• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сооронбай Жээнбеков: Туризмди өнүктүрүүгө жол бербей жаткан тоскоолдуктардын баары жоюлат

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 28.09.17 /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын алдыңкы туроператорлордун чакыруусу менен эркин маанайда жолугушууга катышты.

Жолугушууда туроператорлор Сооронбай Жээнбековго туризмди өнүктүрүүгө болгон көз караштары жана бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча ой- икирлерин билдиришти. Тактап айтканда, экотуризм, тоо туризми, этнотуризм, спорт туризми жана медициналык туризмди өнүктүрүү боюнча маселелер көтөрүлдү. Өлкөнүн санаторий-курорттук абалы талкууланды. Инфраструктураны кыйла жакшыртуу, туризмди өнүктүрүүгө тиешелүү шарттарды түзүү, улуттук авиакаттамдардын ишин жакшыртуу, санаторий-курорттук тармак бир жыл бою киреше алгандай мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү зарылдыгы боюнча каалоо-тилектер айтылды. Ошондой эле реабилитациялык медициналык туризмди кайра жаратуу идеясы айтылды, анткени советтик мезгилде Кыргызстандын дарылоочу куротторуна бүт союздук республикалардан космонавттар, спортчулар, жумушчулар келип, дарыланып кетишчү. Бул багытты кайра жандантуу менен өлкө жаңы деңгээлге чыгат.Жыргалаң, Жалал-Абад, Жети-Өгүз, Чоң-Туз курортторунда эс алуучулардын агымы көбөйөт. Бюджетке кирешелер ондогон миллиард сомдорго өсүшү ыктымал.

Сооронбай Жээнбеков бардык айталган сздөргө макул болуп, өз кезегинде тоо туризмине чет өлкөлүктөрдүн кызыгуусу артып, туристтик иш-аракеттен салык кирешелер көбөйүп жатканын белгиледи. 2016-жылдын натыйжасында республиканын бюджетине туризм тармагынан 100 млн. сомдон ашуун каражат келип түшкөн. Ошондой эле 2015-жылга салыштырмалуу 1,5 млрд. сомго туризм тармагына капиталдык салымдын көлөмү көбөйгөн. Ал 15,3 млрд омду түзгөн. «Бирок дагы деле чече турган маселелер аз эмес. Биздин жарандар туризм жакшы киреше алып келе турганын түшүндү жана калкыбыздын көп бөлүгү муну менен алектенүүдө, бирок инфраструктуранын жетишсиз өнүккөнү, таза ичүүчү суунун жетишсиздиги тиешелүү шарттарды түзүүгө, туризмди жетиштүү деңгээлде өнүктүрүүгө жол бербей жатат», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Калкты таза суу менен камсыздоо Стратегиясынын алкагында 650 конуштарда суу объектилери салынып, оңдолуп, ишке берилерин эскертти. Бул максатка 30 миллиард сом талап кылынса, анын 19 миллиард сом каржы булагы аныкталды. «Дагы 6,7 млрд. сомду тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын баардык аймактары таза суу менен камсыз болот», - деп убада берди Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушуунун катышуучулары Туризм боюнча кеңеш түзүп, ал аркылуу аталган тармактагы көйгөйлөрдү жана аны чечүү жолдорун, ошондой эле туризмди өнүктүрүү боюнча идеяларды тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирип туруу пикирине келишти.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 28.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий