• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара күлүк теңи менен таймашат - С.Жээнбеков тууралуу

Шайлоо 2017 0

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өз убадасын аткарып, өкмөт башчысы кызматын тапшырды. "Кыргызстандын президенттигине талапкер болуп катталаары менен премьердик кызматымды тапшырам" деген өкмөт башчысы айткан сөзүнө турду. Мындай көрүнүш Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет болуп отурат.

Өкмөт башчысы С. Жээнбеков премьердик орунду тапшыруу жөнүндө ниетин 21-августта президенттикке талапкер болуп катталган күнү Борбордук шайлоо комиссиясында билдирди. Андан соң, 2016-жылдын апрель айынан тартып жетектеп келген Өкмөттүн жыйынында:

- Бүгүн мен премьердик кызматты тапшыруу жөнүндө чечим кабыл алдым. Мыйзам боюнча, үгүттөө иштери башталганга чейин, б.а. 10-сентябрга чейин премьердик кызматты аткарууга, эгерде шайланып калсам, шайлоодон кийин да ант берүү аземи өткөнгө чейин премьер-министр болуп иштөөгө, андан кийин кызматты өткөрүп берүүгө болот. Бирок, мен бүгүн түштөн кийин президентке өз ыктыярым менен кызматтан кетүү туурасында суранам, - деп жарыялаган С. Жээнбеков.

Көпчүлүк тарапташтарынын кызматтан кетпөөсүн, эмгек өргүүгө чыгып, же болбосо, шайлоо учурунда ыйгарым укуктарын токтотуп туруусун айткандарын жашырбаган С.Жээнбеков:

- Мен бардыгын таразалап, ойлонуп, анан президент Алмазбек Атамбаевге кызматтан кетүүм тууралуу билдирүүнү чечтим. Бул туурасында президент менен мурда да сүйлөшкөнбүз. А.Атамбаев бул чечимимди колдойт. Башка талапкерлер президенттик шайлоого кандай шарттарда катышса, мен да ошондой эле алар менен тең укуктуу шарттарда катышам. Шайлоого башка талапкерлердей бирдей шартта барам. Бул эң башкысы, - деди.

Негизи эле, бугүнкү күндөгү бийлик үчүн адилеттүү, ачык-айкын жана атаандаштык менен президенттик шайлоону өткөрүү – бул намыс иши болуп турат. Анткени, азыркы тарыхта дал ошол таза эмес шайлоолор башаламандыктын, коомдогу тирешүүлөрдүн детонатору болуп, бийликтин алмашуусуна чоң себеп болду. Ошондуктан, С.Жээнбековдун бул чечими кандайдыр бир табияттан тышкары болгон нерсе эмес. Бул чечим башка талапкерлер менен бирдей деңгээлде тайлашуу үчүн бийликтин партиясынан чыккан талапкердин принциптерине 100% жооп берет.

Бул туурасында С. Жээнбеков өзү Өкмөттүн жыйынында:

- Мен үчүн шайлоого талапкерлердин бардыгы тең бирдей шарттарда катышуусу абдан маанилүү. Бул менин чынчыл саясатчы аброюмду сактап калуу боюнча моралдык принциптериме туура келет, - деп түз эле айткан.

Сыягы, С.Жээнбеков үчүн премьердик кызматта калып, кошумча баа алуу эмес, бардык маселелерде чынчыл жана принципиалдуу болуу өтө маанилүү көрүнөт. Анткени, Өкмөт башчылык кызматына 2016-жылдын апрелинде келген учурда Кыргызстандын экономикасы өтө начар абалда эле. Бирок анын жетекчилиги астында иштеген командасы бир жылдын ичинде өлкөдө туруктуу экономкалык өсүүнү камсыздай алды.

Бул мезгил ичинде премьер бир да саясий чатакка аралашкан эмес, ага чейинки ээлеген кызматтарында да эч кандай терс көрүнүштөр болгон эмес. Бир жылдан ашуун мезгил ичинде С.Жээнбеков парламент менен конструктивдүү иштерди жөнгө салып, анын жетекчилигиндеги министрлер кабинети бирдиктүү бир команда катары иштеп келди.

Эми, жыйында кызматын өз колу менен тапшырып жаткан Өкмөт башчысын өкмөттүн бардык мүчөлөрү кол чабуулар менен узатты. Эгерде президент болуп шайланып кала турган болсо, С.Жээнбеков мамлекет башчысы А.Атамбаевдин баштаган ишин улантаарын жана бардык койгон максаттарды ишке ашыраарын убада кылды. Бул үчүн талапкерде бардыгы бар – тажрыйба да, дарамет да. С.Жээнбеков жакынкы келечекте өлкөнү өнүктүрүү багытында кайрадан биргелешип иштешип калабызбы деген үмүттө азырынча Өкмөт менен коштошпой турарын айтты.

Жыйындан соң журналисттер менен болгон жолугушууда С.Жээнбеков бүгүнкү күндө Кыргызстанда административдик ресурсту колдонуу туурасында ал мүмкүн эмес экенин айтып:

-Кыргызстанда таза шайлоо өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Буга өлкөдө киргизилген автоматташтырылган система - биометрикалык каттоо жана добуштарды эсептөө системасы өбөлгө түзөт. Бул жолкусунда шайлоодо мурункудай эмес, ар бир добуш үчүн күрөш жүргүзүлөрүн эл эми түшүнүшү керек, - деп билдирди.

Эгерде бардык талапкерлер үчүн бирдей шартты түзүү керектиги жөнүндө кеп кылсак, учурда президенттикке талапкер болгондордун ичинде эки парламенттин депутаттары, фракция башчылары да бар. Бул жагдай акыйкаттуу эмес. Мыйзамда алардын кызматын убактылуу тапшыруусу жөнүндө каралган эмес. Ошондуктан алар депутаттык ишти шылтоолоп, үгүттөө иштерин жүргүзө беришет.

Бирок, чынында эле, бул жолу Кыргызстанда президентти шайлоодогу абал өзгөчөлөнүп турат. Биринчиден, бийликтин же оппозициянын талапкеринин реалдуу карама-каршылыктары жок; экинчиден, бул жолу үч экс-премьерлер таймашат, алардын бирөөсүнүн өзүнүн партиясы жана фракциясы бар; үчүнчүдөн, күчтүүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү бирдей эле, ошондуктан эксперттер шайлоонун экинчи турга өтүп кетиши да мүмкүн деп айтып атышат; төртүнчүдөн, С.Жээнбеков президенттикке талапкер болгон бардык мурунку коллегаларынын ичинен коомчулуктун алдына эң эле аз чыкканы, б.а. публиканын адамы эмес.

Ошондой болсо да, С.Жээнбековдун премьердик кызматта жасаган иштеринин натыйжалуулугу шайлоо алдындагы жарышка чейин эле аны фаворит кылып коюшу мүмкүн. Анткени, 2016-жылдын апрель айынан тартып, С.Жээнбеков бардык иштерин натыйжа алууга гана багыттады.

- Менден эмне үчүн басма сөз жыйынын өткөрбөйсүң деп сурап калышчу. Мен өзүм андайга жакын киши эмесмин, көрсө, өткөрүш керек экен. Бизди тандап алган учурда өлкө экономикасы начар эле. Ошондуктан, биздин негизги максатыбыз эл алдында сүйлөйбөй, иш кылышыбыз керек эле, - деген сөзүндө С.Жээнбеков.

Премьердин иштөөгө болгон умтулуусу чыныгы сандар менен белгиленип жатканын ачык көрсө болот: 2016-жылдын башында мамлекеттин экономикасы өтө төмөндөп кеткен. Ошол эле жылдын август айынан тартып көрсөткүчтөрдө өсүү башталганын байкаса болот. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшү 3,8%ды түздү. Бул көрсөткүч Евроазия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинде эң жогорку көрсөткүч болду. 2017-жылда да бул көрүнүш улантылып, январь-июнь айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүшү 6,9%ды түздү.

Мындан сырткары, тандоону туура жакка жасап, Евроазия экономикалык биримдигине кирүү менен экспорттоонун көлөмү өстү. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөштөрү болгон бул биримдикке мүчө өлкөлөр менен экспорттун өсүшү 30%ды түздү.

Экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүүсүнөн сырткары, Өкмөт социалдык тармакта да бир топ иш жасады: пенсияларды жогорулатуу боюнча чечим кабыл алынды, жаңы мектеп, ооруканалар курулуп жатат, мамлекеттик ипотекалык программалар ишке кирди, аймактарды өнүктүрүүгө басым жасалып жатат.

2016-жылы 115 мектеп, бала бакча, оорукана жана маданий жайлар курулду. 2017-жылдын аягына чейин 105 социалдык жай ишке берилет. 98 мектепте капиталдык ремонт жасалды, жылдын аягына чейин дагы 35 объектте ремонт жасалат. Мындан сырткары, 2025-жылга чейин республика боюнча калктуу конуштардын 1812 башкы планы иштелип чыгат, 657 айылда, 22 шаарда жана 26 райондо түтүк линиялары өткөрүлөт, ошондой эле айыл-чарба өндүрүшчүлөрүн колдоого 7 млрд. сом бөлүп берүү чечими кабыл алынды.

Ар кандай саясий багыттар боюнча эксперттер С.Жээнбеков бир жарым жылдын ичинде көп ишти жүзөгө ашырганын, анын негизги себеби - максаттары так коюлуп, туура чечилгендигинде экенин айтышат. Натыйжада, бул нерсе бүгүнкү күндө министрлер кабинетинин рейтингин алда канча көтөрүп, аны жетектеген Өкмөт башчысы жарышка катышкан кара күлүк сымал алдыга озунуп, шайлоодогу атаандаштарынан өтүп барат деп айтат айрым аналитиктер.

Бирок, ким кандай десе да, Өкмөттүн ишин эң так баалаган президент Алмазбек Атамбаев болду көрүнөт. Дүйшөмбү күнү С.Жээнбековдун кызматтан кетүүсүн кабыл алып жатып мамлекет башчысы, премьердин кызматында С.Жээнбеков «андан күткөн үмүттү толугу менен актаганын» айтып, «Бул өкмөт менин президенттик жылдарымдагы өкмөттөрдүн эң мыктысы болду», - деп баса белгиледи.

Президент ошондой эле премьердин кызматтан өз каалоосу менен кетүүнү сурануусу «анын жогорку деңгээлде адептүү жана чынчыл экендигинин дагы бир далили» деп белгилей кетти.

2017-жылдын 21-августу Кыргызстан үчүн маанилүү тарыхый дата болуп кала берет. Анткени, ушул күнгө чейин өлкөнүн тарыхында бир да премьер-министр өз каалоосу менен бул кызматтан кеткен эмес. Ал эми С.Жээнбеков шайлоодо жеңишке жетүү үчүн кызматтык абалынан колдонбостон, тескерисинче, башка талапкерлер менен бирдей шарттарда жарышка чыгуу үчүн кызматтан баш тартып отурат.

Жеңиш Асанов,

атайын "Кабар" үчүн

Пикир

Оставить комментарий