• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек-Торугарт жолунда эки унаа сүзүшүп, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 23.08.2017. /Кабар/. Бишкек-Торугарт унаа жолунда унаалар бетме-бет кагылышып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы унаа жолдун 57-чакырымында болуп, анда “Ауди-80” жана “Пассат-Б-3” үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшуп, айдоочулардын бири каза тапкан.

Каза болгон “Ауди-80” унаасынын айдоочусу К.В., жансыз денесин Токмоктогу өлүк канага жеткирилген.

Учурда “Пассат Б-3” унаасынын айдоочусунун өздүгү такталууда. Ал ар кандай жарааттары менен ооруканага жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий