• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде мыйзамсыз жыгач эшиктерди алып керүүгө аракет кылган адам кармалды

Аймак 0

Бишкек, 23.08.17 /Кабар/. Баткенде чек арачылар тарабынан кустардык өндүрүштөгү эшиктерди мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылгандар кармалды.

КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Баткен облусунун Алга айылынын аймагындагы Баткен-Ош унаа жолунда А.у.Д аттуу Кыргызстандын жараны айдап бара жаткан “Хундай – Портер” унаасы токтотулган.

“Түштүк” ыкчам кызматынын кызматкерлери тарабынан текшерүү учурунда унаанын ичинде уруксат кагаздары жок, 53 даана кустардык өндүрүмдөгү жыгач эшиктер табылган. Товардык жалпы суммасы 113 950 сом.

Учурда керектүү материалдар чогултулуп, иликтөө үчүн Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий