• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалал-Абад облусунун аймагындагы тез жардам бөлүмдөрүнө 11 жаңы автоунаа тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 17.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймактарындагы тез жардам бөлүмдөрүнө 11 даана жаңы автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкүлчүлүктүн билдирүүсүнө караганда, иш-чарага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана медицина кызматкерлери катышты.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өткөн жылы коронавирус илдети эң алгачкылардан болуп Жалал-Абад облусунда катталганын, аны менен күрөшүүдө дарыгерлердин салымы чоң болгонуна токтолуп, бул багыттагы шарттарды жакшыртуу аракеттери көрүлүп жатканын кошумчалады.

Тез жардам унаалары Бүткүл дүйнөлүк жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилген гранттык каражат эсебинен алынган.

Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев аймактарда тез жардам унааларына болгон муктаждык дагы да бар экенин белгилеп, пандемия шартында бир топ медициналык мекемелердеги кемчиликтер байкалганына токтолду.

Калктын ден соолугуна кам көрүү үчүн заманбап тез жардам унааларынын тапшырылуусу кызматкерлердин да түйшүгүн жеңилдетип жатканын айтты.

Пикир

Оставить комментарий