• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ала-Бука районунун ардагери Г.Ражаббаев: Сооронбай Жээнбеков биздин көйгөйлүү маселелерибизди чечип келе жатат

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 16.09.17 /Кабар/. Сооронбай Жээнбеков биздин районубузга эки жолу келип, биртоп көйгөйлүү маселелерди чечип берген, деп билдирди Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун ардагери Гафуржан Ражаббаев.

«Аларды атап айтсам, биринчиден, Шамалды-Сай суу сактагычынын экинчи этабынын курулушуна старт бердиңиз. Ала-Бука, Чаткал, Аксы районунун кошуна Өзбекстан мамлекети менен болгон чек ара маселесин чечип бердиңиз. Ала-Бука-Шекафтар жолун оңдоону планга киргиздиңиз. Көк-Таш ашуусунун 24 чакырым жолун Транспорт министрлигинин балансына өткөрүп бердиңиз. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн ооруканасынын курулушуна 25 млн сом бөлдүртүп бердиңиз. Падек айылындагы Токтосун Жоробаев атындагы мектептин курулушуна 27 млн сом бөлүп бердиңиз, бул жакта да кызуу иштер жүрүп жатат. Сафед-Булан тарыхый комплексиндеги Шах-Пазыл күмбөзүнүн оңдоп-түзөө иштерине 11 млн сом бөлүп бердиңиз. Ала-Бука районунун борборун асфальттоого 14,5 млн сом бөлүп бердиңиз», - деп Гафуржан Ражаббаев бирден санап чыкты.

Анын айтымында, жогоруда айтылган фактылар бийлик ишеничти актаганын билдирет жана ошол ишеничти Сооронбай Жээнбеков мындан ары да актай турганын тастыктайт. «Биз, Ала-Бука эли, аксакалдары, аялдары жана келечек жаштары сиз менен биргебиз! Сиздин президент болушуңузга терең ишенебиз жана колдойбуз! Ала-Бука эли дайым сиз менен!», - деген район ардагери Ак-Коргон айыл аймагында жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы мектепте 7 класстык бөлмөдө 300 окуучу окуп жатканын жана аларга жаңы мектеп салып берүүсүн Ак-Коргон айыл тургундарынан жана мектеп жамаатынын атынан өтүндү.

Аксакал Сооронбай Жээнбеков мындан ары дагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө бардык аракетин жумшаарына ишенимин билдирди.

  • Даярдоочу: КУМА "Кабар"
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 16.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий