• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ала-Бука тургундары: Сооронбай Жээнбеков ак иши, чынчылдыгы жана калыстыгы менен кадыр-баркка ээ болгон

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 16.09.17 /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургундары Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековду колдой тургандыктарын билдиришти.

Ала-Бука районунун тургуну, «Жеткинчек» бала бакчасынын директору Салтанат Тоялиеванын айтымында, Сооронбай Жээнбековдун программаларынын баары жакшы, Кыргызстандын президенти болуп шайланып калса, ошол максаттарынын баарын аткарса деген тилеги бар. «Айтып жаткан ар бир программасы - эл үчүн. Биздин райондогу көйгөйлөрдөн айта кетсем, биз үчүн жол маселеси өтө кыйын болуп атат, жолдорубуз оңолсо деген тилек. Ошол эле маалда мурдагыга караганда элдин жашоосунда кыйла өзгөрүүлөр бар, өнүгүү бар, ушул нерселерди да Сооронбай Жээнбеков улантып кетет деген ойдобуз», - деди Салтанат Тоялиева. Ал кошумчалагандай, Сооронбай Жээнбеков өзүнүн чынчылдыгы жана калыстыгы менен элдин арасында кадыр-баркка ээ болду.

Сооронбай Жээнбековду колдоп, «Замандаш» партиясынын теңтөрагасы Жеңиш Молдокматов, Ала-Бука районунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Саматкул Максымбеков, райондун ардагери Гафуржан Ражаббаев, эмгек ардагери Сайракан Асанова сөз сүйлөштү.

Ала-Бука районундагы жолугушууга 7 миңден ашуун адам катышты.

  • Даярдоочу: КУМА "Кабар"
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 16.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий