• 88.68
  • 95
  • 0.95

Хирург С.Жумабеков: Мен Сооронбай Жээнбековду шайлайм

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 22.09.17 /Кабар/. Травматология жана ортопедия Бишкек илимий-изилдөөчү борбордун директору Сабырбек Жумабеков кара-бууралыктарды Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Талас облусунун Кара-Буура районунун жашоочулары менен болгон жолугушусунда билдирди.

«Эмне үчүн мен Сооронбай Жээнбековду колдодум? Анткени ал мамлекеттик ишмер –мамлекетчил адам. Бай эмгек тажрыйбага ээ. Элдин арасынан чыккан, мамлекеттик кызматтын бардык баскычтардан өтүп, өз эмгеги менен ийгиликке жеткен. Кандай гана кызматта болбосун, таза адам катары кала берген. “Мен ушуга чейин таза келдим, Кудай алдына да таза барайын деген адаммын”, деген анын булл сөздөрү мага абдан чоң таасир берди», - деп белгиледи Сабырбек Жумабеков.

Ал ошондой эле талапкердин саясий туруктуулугун баалаганын белгиледи, анткени ал 1995-жылдан бери КСДПнын катарында жүрүп, эч качан партиянын идеяларын саткан эмес. «Башка көптөгөн саясатчылардан айырмаланып, ал эч качан өз кызыкчылыгында бир жээктен башка жээкке чуркап өткөн эмес. Башка талапкерлердин арасында досторум, инилерим бар, бирок жогоруда атап өткөн сапататтарынан улам, мен Сооронбай Жээнбековду тандадым», - деп билдирген Сабырбек Жумабеков кара-бууралыктарды шайлоо бюллетенинде №9 болуп бара жаткан эң таза талапкер Сооронбай Жээнбековгодо буш берүүгө чакырды.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 22.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий